• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Аралыктан добуш берүү. Сөзсүз эле өз округуна барып добуш берүү шарт эмес

8 Тогуздун айы 202514:04 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 2025-жылдын 30-ноябрына белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча маалымат жыйын өткөрдү.

Ал айткандай, алдыдагы шайлоо президентти жана парламентти шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык жаңы система менен өтөт. Өлкө 30 округга бөлүнүп, ар бир округдан парламентке үчтөн депутат шайланат.

Шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында шайлоодо аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулат.

«Айрымдар аралыктан добуш берүүнү электрондук добуш берүү менен чаташтырып жатышат. Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин: биздин өлкөдө электрондук добуш берүү жок, бул келечектин иши. Аралыктан добуш берүүнүн электрондук добуш берүүдөн айырмасы — шайлоочунун шайлоо участогуна өзү жеке келип катышуусу талап кылынат. Шайлоочулардын тизмесинде катталган жаран эч кандай бюрократиялык тоскоолдуксуз каалаган шайлоо участогунда добуш бере алат», — деди Т. Шайназаров.

Количество просмотров: 130