Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Арашан суусунан 17 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Арашан суусуна 2004-жылы туулган С.у.К. атуу баланын түшүп кеткени тууралуу маалымат ктүшкөн.
Жерине Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.