• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Түптө изделип жаткан 78 жаштагы карыянын жансыз денеси табылды

22 Жетинин айы 2023 9:21 Бишкек Govori.TV

 Түп районунда изделип жаткан 78 жаштагы карыянын жансыз денеси суудан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун 21-ноябрда саат 16:20лар чамасында​ ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын адиси жана Түп районундагы куткаруучулар Түп суусунан адамдын сөөгүн дрон аппаратынын жардамы менен табышты.

​Белгилей кетсек, 17-ноябрь күнү ​ үйүнөн чыгып дайынсыз болгон 78 жаштагы адамдын туугандары издешкен. Андан натыйжа болбогондуктан 19-ноябрда ӨКМдин Түп райондук бөлүмүнө кайрылышып, куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Количество просмотров: 321