• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Панорамада аялдын жансыз денеси табылды

21 Теке 202116:52 Бишкек Govori.TV

Бишкектин бетинде жайгашкан панораманын аймагында аялдын жансыз денеси табылды. Ал бийиктиктен секирген болушу мүмкүн. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, билдирүү милицияга 20-июлда таңкы саат жетилер чамасында келип түшкөн.

Азырынча аялдын өздүгү тактала элек. Экспертиза дайындалды.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 280