Бүгүн, 20-июлда Аламүдүн районунун Арашан айлындагы Маданият үйүндө Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовдун айылдаштары чогулушту.
Чогулушта А.Ибраимовдун айылдаштары аны колдоо боюнча комитет түзүштү.
Чогулгандар А.Ибраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө көмөктөшүү боюнча Кыргызстандын бийлигине кайрылуу жөнөтүшмөкчү.
Белгилей кетсек, 13-июлда Бишкек шаардык кеңеши Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ал иштен алынган. Ушул эле күнү ал бир нече кылмышка шектелип УКМКнын тергөө абагына камалган.