• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Араванда «Кадастрдын» жооптуу кызматкерлери кармалды

19 Тогуздун айы 20239:10 Бишкек Govori.TV

Араван райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин филиалынын 4 кызматкери, Тепе-Коргон айылынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматынын түштүк башкармалыгынын баалоо экспертизасынын жыйынтыгында жер тилкелерин мыйзамсыз берүүдөн келтирилген чыгым 36,9 млн сомду түздү.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 124