• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Аравандагы мушташ: 6 киши кармалды

23 Аяк оона 202019:24 Бишкек Govori.TV

Араван айылында чыккан жаңжалдан кийин 6 киши кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкенин 24.kg агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, кармалган 4 шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алуу чечими кабыл алынган. Калган эки жаран ооруканада дарыланып жаткандыктан, сакайып чыкканча көзөмөлдө болушат.

Эске салсак, 20-сентябрда Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында «Мекеним Кыргызстан» партиясы үгүт жүргүзүп жатканда чоң чатак чыгып, 12 киши ар кандай жаракат алган. Араван райондук милициясы окуяны териштирүүдө.

Количество просмотров: 187