• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Арестович: Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 40тан ашуун кызматкери каза болду

24 Бирдин айы 202218:28 Бишкек Govori.TV

Орусиянын ракеталык чабуулдарынан улам Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 40тан ашуун кызматкери каза болду, ондогон жоокер жаракат алды. Бул тууралуу Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович 24-февралда атайын брифингде кабарлаган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралда өлкөгө аскердик режим киргизилгенин жарыялады. Ал Орусияны өлкөнүн аскердик жана чек арадагы объектилерине чабуул жасаганы үчүн айыптады.

Количество просмотров: 1091