• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Аргентинада аза күтүү жарыяланды

26 Жетинин айы 202016:34 Бишкек Govori.TV

Аргентина бийлиги белгилүү футболчу Диего Марадонанын мезгилсиз көз жумгандыгына байланыштуу 3 күндүк аза күтүү жарыялады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазды.

Маалым болгондой, футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты менен коштошуу зыйнаты Каса-Росада президенттик сарайында өтөт. Ага 1 миллионго жакын күйөрмандарынын келиши күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 25-ноябрда Италиянын «Наполи» командасынын жана Аргентина курамасынын мурунку оюнчусу, 60 жаштагы Марадонанын жүрөгү күтүүсүздөн токтоп калып, каза болгон.

Количество просмотров: 152