• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сыймыктанабыз! Кыргызстандык Петрашов жана Баудунов Аргентинадагы олимпиада оюндарында күмүш жана коло байгени камсыздашты

9 Тогуздун айы 2018 16:05 Бишкек Govori.TV
Бишкек.09.10.2018. Govori.TV
 Аргентинада өтүп жаткан жайкы III Жаштар олимпиадасында кыргызстандык спортчулар Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча мелдеште күмүш байгени , ал эми Хасан Баудунов фехтование боюнча коло медаль тагынды.
Эскерте кетсек, спорттук таймаш  Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында өтүп жатат. Мелдеш 6-октябрда башталган. III Жаштар олимпиадасынын оюндары 18-октябрда жыйынтыкталат. Ага Кыргызстандан 13 спортчу спорттун жети түрү боюнча катышууда.
Бүгүн, 9-октябрда, кыргызстандык дзюдочу Шахида Нармухамедова 78 килоргамм салмакта күч сынашат. Анын алгачкы атандашы Кытайдын Тайпей өлкөсүнүн өкүлү Ли Линг Лиу болот. Жалпы медалдардын саны боюнча бир күмүш жана бир коло байгеси менен Кыргызстан 204 өлкөнүн ичинен 29-орунда келе жатат. Биринчи орунда Россия болсо, экинчиде Венгрия, ал эми үчүнчү сапта Колумбия өлкөсү келе жатат.
Количество просмотров: 35