Кара-Балта шаарында коомдук тамактануучу жайды талап-тоноого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБнен билдирди.
30-августта коомдук тамактануучу жайда иштеген аял арыз менен милицияга кайрылган. Анын айтымында, эртең менен колуна арматура кармап, белгисиз адам беткапчан кирип келген. Акча берүүнү талап кылган, жабырлануучу коркконунан 42 миң сомун берген. Тиги адам дагы эки уюлдук телефонун алып, аялды камап, качып кеткен.
Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 47 жаштагы А.Б. аттуу адам кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Шектүүдөн алынган буюмдар далил катары алынды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.