Бишкек.13.09.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 13-сентябрда Армения тараптын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Армениянын ортосунда кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ сыяктуу регионалдык интеграциялык бирикмелердин алкагында эки тараптуу өз ара аракеттенишүүнү мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашты.