• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Армениянын премьер-министри Кыргызстанга келди

27 Жетинин айы 2019 19:30 Бишкек Govori.TV

Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, Никол Пашинянды «Манас» эл аралык аэропортунан аны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму – «тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөө» максатын көздөгөн эл аралык уюм.

Уюмга Россия Федерациясы, Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы жана Тажикстан Республикасы мүчө болуп саналат.

Количество просмотров: 55