Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары аны «Арноо концерти» аркылуу куттуктоону максат кылышкан. Бирок, аталган көрсөтүүдө Атамбаевди туулган күнү менен куттуктоосуна уруксат бербей коюшкан. Бул тууралуу КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбеков билдирген.
«Биз Алмазбек Атамбаевди туулган күнү менен куттуктап, «Кыргызстаным» аталышындагы ырды буйрутма берели деген ой менен КТРКнын кабылдамасына барганбыз. Куттуктоону жактоочусу апкылуу берип, 5 мүнөт болсо да туулган күнүндө жагымдуу маанай тартуулайлы дегенбиз. Бирок, «Арноо концертинен» биздин куттуктоону чыгарууга уруксаат берилген жок»,-деди ал.
Ал эми «Арноо концерти» көрсөтүүсүнүн режиссёру Гүлсина Чотоновага байланышканыбызда, бул тууралуу комментарий бере албасын айтты.
Эске салсак, мурунку президент Алмазбек Атамбаев 17-сентябрда 63 жашка чыгат.