• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Арстан Алай 15-январга чейин камакта калды

17 Бештин айы 202314:28 Бишкек Govori.TV

Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев 15-январга чейин камакта калды.

Маалыматка ылайык, анын бөгөт чарасы 16-декабрда каралган. Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечимине ылайык, Абдылдаев Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Абдылдаев диний кастыкты козутууга айыпталып кармалганын 15-декабрда билдирген. Ал “социалдык тармактарда жана китепчелерди таратуу менен диний кастыкты козуткан чакырыктарды жасаган” деп шек саналып жатат.

Количество просмотров: 483