• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024
айке

Айке Бейшекеева дагы эки айга камакта калды

12 Жалган куран 2024 18:44 Бишкек Govori.TV

“Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Айке Бейшекеева дагы эки айга камакта калды.

Мындай чечимди бүгүн Биринчи май райондук соту чыгарды.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 169