“Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Айке Бейшекеева 2 айга камалды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.
Соттун чечимине ылайык Бейшекеева 2024-жылдын 13-мартына чейин камакта болот.
Эскерте кетсек, Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Массалык башаламандык уюштурган» деген шек менен 16-январда “Темиров LIVE”, “Айт, айт десе” долбоорлорунда иштеген жана мурда иштеп кеткен журналисттерди кармап, алар 48 саатка камалышкан.