• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Арстан Алайдын айткан сөзү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

18 Тогуздун айы 2019 19:12 Бишкек Govori.TV

Өзүн «Кудаймын» деп, президенттин ордун бошотуп берүүнү айткан Арстан Алайдын сөзү боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу» беренеси менен катталган.

Арстанбек Абдылдаев буга чейин Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, өзүн «Кудай» деп жарыялаган. Бул маселе ЖК жыйынында да көтөрүлгөн. Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген. Ал анын жыйынтыгы менен ага чара көрүлө турганын айткан.

Эске салсак, 2011-2017-жылкы президенттик шайлоого катышкан. Кеңири коомчулукка «Зима не будет» (“Кыш болбойт”) деген сөздөрү менен таанылып, Интернетте кызуу талкуу жараткан.

Количество просмотров: 66