• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Арстан Алайдын тарапкерлерин күттүргөн судья ооруканага кетип соттук отурум жылдырылды

22 Тогуздун айы 2019 12:27 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи май райондук соту Арстанбек Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаевдин онго жакын тарапкеринин арызын кароону белгисиз мөөнөткө жылдырды. Бул тууралуу жарандык активист Рита Карасартова фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, бүгүн аталган сотто Арстан Алайдын тарапкерлеринин арызы каралмак. Аларга буга чейин тынч жыйын өткөрүү тартибин бузду деп 3 миң сомдон айып пул салынган. Мындай жазага нааразы болгон Алайдын тарапкерлери арыз менен сотко кайрылган.

Карасартованын айтымында, бүгүн өтө турган сот жыйыны арызды карачу судья алгач тыгында калып андан соң ооруп ооруканага кеткенине байланыштуу жылдырылды деп маалымдалды.

Эске салсак, Арстанбек Алай 2011-2017-жылдары эки жолу президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөткөндөн кийин коомчулукка кеңири таанылган. Жакында анын билдирүүлөрү боюнча маселе парламентте көтөрүлүп, андан соң Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Арстанбек Алайга карата Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси («Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар ортосундагы кастыкты козутуу») боюнча кылмыш ишин козгогон болчу.

Количество просмотров: 388