• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Арстанбапта кечээги селге аккан автоунаа ээлерин тактоо башталды

24 Теке 202410:34 Бишкек Govori.TV

Кечээги Базар-Коргон районунда сел 9 турак жайды, 1 социалдык объектини жана соода дүкөндөрүн каптаган. Селдин кесепетин жоюга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 77 куткаруучу тартылып тазалоо жумуштары саат 07:00дө башталды.

Жарандык коргонуу кызматтарынан техникалар тартылып, сел каптаган ички чарбалык жолдорду калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары селге аккан автоунаа ээлерин тактоо жана унааларын коопсуз жайга чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 189