• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Арстанбек Алайдын өлүмү боюнча тергөө аягына чыга элек

31 Үчтүн айы 202414:24 Бишкек Govori.TV

Арстанбек Абдылдаевдин (Арстан Алай) өлүмү боюнча тергөө иштери аягына чыга элек. Бул тууралу бүгүн, 31-январда Башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында. Жаза аткаруу мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин шалаакылыгына байланыштуу кылмыш иши козголду. 

«Байкоо камераларында Арстанбек Абдылдаевдин ары-бери басып, чай ичип отурганы жазылган. Алар мунун баарын көрүп, бирок чара көрүшкөн эмес», — деди Зулушев.

Эске салсак, Арстанбек Абдылдаев (Арстан Алай)5-январда Молдовановка айылындагы №31 абакта каза болгон. Жаза аткаруу кызматы Абдылдаевдин жансыз денеси 5-январда эртең менен түрмөнүн ашканасында асылган абалда табылганын билдирген. Ошондой эле 28-декабрда Арстан Алайга “инсандын такталбаган психиатрикалык бузулушу, галлюцинация” деген диагноз коюлуп, анын №1 тергөө абагынан дарылоо мекемесине которулганын кошумчалаган.

Количество просмотров: 287