• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Артисттер бай эмес». Курал Чокоев агынан жарылды

25 Бугу 2020 11:25 Бишкек Govori.TV

Белгилүү эстрада ырчысы Курал Чокоев ырчылар тууралуу бүгүнкү күндө айтылып жаткан эл арасындагы сөздөр туура эмес экенин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу  билдирди.

«Карантин башталгандан бери ырчылардын дарегине түрдүү сөздөр айтылды. Алсак, эмнеге элге жардам бербейсиңер, тойдон  тонналап акча аласыңар, бай жашайсыңар, деген сыяктуу терс пикирлер бар. Биз артисттер элдин арасындагы адамдарбыз. Айрымдары ойлогондой бай эмеспиз. Адал эмгек, маңдай тер менен оокат кылып келе жаткандардын катарындабыз. Бирок ошол эле учурда колдон келишинче жардам берип, кайрымдуулук иштерди жасап жатабыз. Жарамазан айтып, муктаждарга мектеп куруп берели деп иш баштасак  «силер сагалап, жугунду издеген иттердей болуп жүрөсүңөр» деген пикирлер айтылды. Бирок туугандар, андай эмес»,-деп билдирген ырчы.

Ошондой эле Чокоев жашап жаткан үйүнүн ичин, оокаттарын көрсөтүп, батирде турганын айтып, бирок баарына ыраазы экенин белгилеген.

https://youtu.be/cBa9wYwgrA0

Буга чейин Курал Чокоев баш болгон чыгармачыл адамдар, активисттер эл өкүлдөрүнүн үйүнө жарамазан айтышып, «Элден элге» деп аталган долбоордун алкагында Бишкек шаарынын айланасындагы жаңы конуштарга бекер көчүрмө мектеп курууну уюштуруп жатышкан.

Количество просмотров: 329