• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Курал Чокоев: «Эгерде наам эле маанилүү болсо мага наамынын кереги жок, алса алсын!

13 Үчтүн айы 2021 13:21 Бишкек Govori.TV


Мындай пикирин эстарда ырчысы Курал Чокоев жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде билдирген.

«Мен долбоорумду жаптым, элдин пикирин эске алуу менен ушундай чечимге келдим. Ал эми маданият министрлиги мен үчүн министрлик эмес. Мага алардын чечимдеринин мааниси жок»,- деп билдирген ырчы.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс реакциясын жараткан ырчы Курал Чокоевдин чуулгандуу автордук программасы боюнча талкуу жүргүзүп чечим кабыл алган. Анда 2011-жылдын 12-июнундагы буйругу менен Курал Чокоевге ыйгарылган “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин кайтарып алуу жана Кайрат Примбердиевди “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча буйрукка кол коюлган.

Количество просмотров: 1681