• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кайрат Примбердиевди наамынан ажыратуу сунушу четке кагылды

18 Үчтүн айы 2021 15:31 Бишкек Govori.TV

Президентке караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия Кайрат Примбердиевди «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамынан ажыратуу сунушун четке кагып, Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун атына кат жазылды.

Ага комиссиянын жооптуу катчысы Жылдыз Сманбаева кол койгон. Комиссиянын катында Кылмыш кодексине ылайык, мамлекеттик сыйлыктар, аскердик наамдар, класстык чиндер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганда же оор кылмыш жасаган учурда гана жокко чыгарыла турганы түшүндүрүлгөн.

«Кайрат Примбердиев бул кылмыштарды жасабагандыгы үчүн аны «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти» наамынан ажыратууга негиз жок», — деп айтылат кайрылууда.

Эске салсак, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Курал Чокоевдин «YouTube» порталындагы шоу-программасын жосунсуз жорук деп баалап, ырчыга 2011-жылы ыйгарылган «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин жокко чыгарган.

Ал эми бул шоуга конок катары катышкан Кайрат Примбердиевге 2017-жылы берилген «Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти» наамын жокко чыгаруу жөнүндө сунуш президенттик аппаратка жөнөтүлгөн. Ошондой эле эки ырчыны Маданият министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушу берилген эле.

Количество просмотров: 261