• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Маданият министрлиги: Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин наамдары алынды

13 Үчтүн айы 2021 9:51 Бишкек Govori.TV

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2011-жылдын 12-июнундагы буйругу менен Курал Чокоевге ыйгарылган “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин кайтарып алуу буйругуна кол коюлду. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

«Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс реакциясын жараткан ырчы Курал Чокоевдин чуулгандуу автордук программасы боюнча талкуу жүргүзүп, төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алды. Кайрат Примбердиевди “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча маданият министрлининин сунушу Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратына расмий жөнөтүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Ошону менен бирге, министрликтин тиешелүү мекемелерине аталган ырчыларды Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өткөрүлүүчү мамлекеттик маданий массалык иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушталды.

Эске салсак, ырчы Курал Чокоевдин Ютуб каналындагы долбоору коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Артисттин бул долбоорунун айрым үзүндүлөрүн маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков аргасыздан көргөнүн, ырчы эмнеге мындайга барганын түшүнө албай жатканын айтып, элден кечирим сурады. Ошондой эле Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин чыгармачылыгына чектөөлөр киргизилерин айткан. Бул арада Жарандык көзөмөл комитети Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековдун отставкасын талап кылууда. Аталган комитет Кадырбековдун билдирүүлөрү адамдын фундаменталдык укуктары жана эркиндиктерине шек келтирет деп эсептейт.

Количество просмотров: 3706