• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Артур Медетбеков: Качкындар маселеси чоң коркунуч туудурат

18 Баш оона 2021 16:34 Бишкек Govori.TV

Качкындар маселеси чоң коркунуч туудурат. Мындай пикирин Коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Артур Медетбеков бүгүн, 18-августта Govori.TV мультимедиалык агенттигинин «Майдан» дебатында билдирди.

«Кыргызстанда 500 ооган студенти жок. Кокус Ооганстандагы студенттер өлкөгө качып келип, бул жерден билим алабыз дешсе анда физа берилет. Ал жакта 2 миңге жакын кыргыз жарандары дагы бар. Эгерде алардын тагдыры татаалдаша турган болсо мекендештерибизди милдеттүү түрдө Кыргызстанга алып келип, жайгаштыруу менен аларга көңүл бурушубуз керек. Ал эми качкындар Өзбекстан, Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдөн өтсө бизге дагы келиши мүмкүн. Себеби Тажикстан, Өзбекстан менен биздин өлкөнүн ортосунда визалык режим жок, оңой эле өтүп келсе болот. Келгенден кийин «качкынбыз» деген жүйө менен жарандык алууну суранышат. Мисалы, бүгүн Кыргызстандагы ооганстандык жарандар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин алдына «качкын» макамын талап кылуу менен митингге чыгышты. Ошол себептүү «качкындар» маселеси биз үчүн дагы чоң коркунуч туудурат»,-деп билдирди Медетбеков.

Буга чейин Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам катары 500дөй студенттик виза бергенге жана 1200 качкынды кабыл алууга мүмкүнчүлүк бар экенин кабарлаган.

Количество просмотров: 201