• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Асановдун сотунда прокурорду алмаштыруу өтүнүчү айтылды

25 Кулжа 2020 10:36 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун сотунда жактоочу тарап мамлекеттик айыптоочуну ишти кароодон четтетүү өтүнүчүн келтирди. Бул тууралуу иш каралып жаткан Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, судья жараяндын катышуучуларынын процессуалдык позициясын угуп чыгып, жактоочунун бул өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Кийинки отурум 26-июнга белгиленди.

Асанов «2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан алынган. Кийин ага карата Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон. Соттук териштирүү 14-февралда башталган. Асанов өзү 2019-жылдын 27-августунан бери үй камагында.

Ушул эле кылмыш иши боюнча соттолуп жаткандардын катарында Асановдон тышкары эки адам бар. Алардын бири — Асановдун жардамчысы, Ички иштер министрлигинин кызматкери Дамир Пайзилда уулу, экинчиси — Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков.

Количество просмотров: 159