• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Асел Кадырбекова менен сүзүшкөн айдоочуга кылмыш иши козголду

30 Кулжа 2020 15:53 Бишкек Govori.TV

Ырчы Асел Кадырбекова менен сүзүшкөн айдоочуга кылмыш иши козголуп, бир айга камакка алынмай болду. Бирок учурда ал ооруканада экендигин Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мындай чечим Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан кабыл алынган.

26-июнда Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде 25 жаштагы О.М. башкарган «Хонда Одиссей» унаасы ырчы Асел Кадырбекованын «Тойота Камри» унаасы менен кагышкан. Жол кырсыктын кесепетинен Кадырбекова жана «Хонданын» айдоочусу жаракат алып, Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборуна жеткирилген. Ал эми ыкчам реакция жасоо тобунун унаасындагы 1994-жылы төрөлгөн К.О. Улуттук госпиталга жаткырылган.

«Бул факт Жазык кодексиндеги 297-берене (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүүнүн палатасынын жанына конвой коюлду. Жол кырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 5645