Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Асел Кодуранова Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка чакырылды. Бул маалыматты мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева ырастады.
Анын маалыматына караганда, Кодуранова саат 10:00гө суракка барган. Бирок жактоочусу соттук процессте болгондуктан сурак түштөн кийинкиге жылдырылды.
Депутат Асел Кодуранова — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрайымынын милдетин аткаруучу. Ал Кой-Таш окуяларына байланыштуу кылмышты уюштурууга жана адамды барымтага алууга байланыштуу беренелердин негизинде шек саналып жатат.
Бишкектин Биринчи май райондук соту депутатты 10-октябрда «чектөөсүз» деген аныктама менен үй камагына алган. Башкача айтканда, ал түнкүсүн гана үйүнөн чыга албайт, андан башка учурда чектөө болбойт.