• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

“Мен — Асел”. Бишкекте аялдарга карата зомбулукка каршы иш-чара өтүп жатат

29 Тогуздун айы 2023 13:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-октябрда Бишкекте аялдарга карата зомбулукка каршы “Мен — Асел” деп аталган кайрымдуулук иш-чара өтүп жатат . Ага укук коргоочулар, журналисттер, жарандык активисттер жана Асел Ногойбаеванын жакындары катышууда.

Иш-чарада алгач “Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук: коомдун аны азайтуу аракети” деген темага арналган фильм көрсөтүлдү. Андан соң укук коргоо жаатындагы эксперттердин катышуусунда талкуулар өттү.

Мындан тышкары кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү да уюштурулган. Андан түшкөн каражат Асел Ногойбаеванын дарылануусуна жумшалат.

Аселди колдоо кампаниясын CAF Келечек жаштар коому менен биргеликте өтүп жатат.

Иш-чаранын уюштуруучуларын бири ОФ «CAF» директору Айнура Чолпонкулованын айтымында бул сыңары иш-чараларды улантуу максатында учурда бир топ аракеттер көрүлүп жатат.

Ал эми Аселдин апасы Тинатин Катаганова кызы учурда үйдө экенин, абалы дагы да болсо жакшы эмес экенин айтты.

«Кийинки операцияны кылыш үчүн алгач буга чейинки жарааттар кичине болсо да калыбына келиши керек экен. Дайым жанында болуп, караганга аракет кылуудабыз. Кечээ жуунарда кулагынын азыркы абалын көрүп, ыйлап, эсин жоготуп жыгылды. Психологдордон жардам алып жатат»,-деди апасы.

Белгилей кетсек, 20-сентябрда Селекция аймагында жашаган аял мурдагы күйөөсү тарабынан бычакталган. Буга шектүү катары анын 39 жаштагы жаран кармалып, аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон. Келиндин кулак-мурду кесилгени кабарланып, коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Бул окуядан кийин зордук-зомбулук маселеси кайрадан күн тартибине чыгып, ал эми айрым ЖК депутаттар зөөкүрлүккө жазаны күчөтүү керектигин айтышууда.



Количество просмотров: 1223