• Жекшемби 19 Теке 2026
  • Воскресенье 19 Июль 2026

Ашхабадда Айтматовдун эстелиги орнотулду

24 Бугу 202415:36 Бишкек Govori.TV

 Түркмөнстандын Ашхабад шаарындагы Махтумкули Фраги маданий-парк комплексинде КР эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду.

Эстелик колодон жасалган, анын бийиктиги 3,5 метрге жетет, ал эми постамент 2,5 метрге барабар.

Эске сала кетсек, Түркмөнстандын эл акыны жана философу Махтумкули Фрагиге арналган эбегейсиз парк комплексинин ачылыш аземи 2024-жылдын 17-майында президент Сердар Бердымухамедовдун катышуусунда өткөн.

Парк түзүү идеясы түркмөн элинин улуттук лидери Гурбангулы Бердымухамедге таандык. Парктын аймагында түркмөн акыны жана ойчулунун 60 метрлик эстелигинен тышкары чет элдик жазуучулардын 25ке жакын эстелиги орнотулган.

Количество просмотров: 95