• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ашхабадда коронавирустун «Дельта-штаммы» тароодо

20 Баш оона 2021 16:03 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстанда коронавирустун дельта варианты тездик менен тарап, өлгөндөрдүн саны көбөйүүдө. Расмий түрдө коронавирус жуктурган бир да учур жок делген өлкөдө ооруканалар, атүгүл бүтүндөй бир айыл карантинге жабылууда.

Ооруканада орун жетишсиз, бейтаптар коридорлордо жатууга аргасыз болушууда. Айрым медициналык мекемелер оорулууларды кабыл алуудан баш тартууда. Бул арада айрым газокомпрессордук заводдор эмдөөдөн өткөн жумушчулар гана иштей ала турганын жарыялады.

«Ашхабад дүрбөлөң ичинде… Бардык ооруканалар толуп калды. Өлүм көп. Вакцина алгандар да ооруп жатышат», — деди жергиликтүү жашоочулардын бири.

Ушул тапта коронавирустун очогуна айланып жаткан Мары облусунда дагы бир айыл карантинге жабылды.

Карантинге жабылган Куйгыш айлынын тургундары үчүн нан сатып алуу чоң көйгөйгө айланды.

«Мамлекеттик дүкөндөр азык-түлүк жеткирүүнү токтотту. Уну, кээ бир үй-бүлөлөр наны жок отурат», — деди жергиликтүү жашоочу.

Бул арада түркмөн бийлиги мурдагыдай эле пандемия башталгандан бери өлкөдө бир да COVID-19 жуктурган учур катталбаганын билдирүүдө.

Количество просмотров: 164