• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ашканадан акча уурдаган шектүү кармалды

21 Бештин айы 20209:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында кассадан акча уурдаган жаранды кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-декабрда кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта милдеттерин аткарып жатканда аларга болжол менен саат 10:00 чамасында Байтик баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги ашканалардын биринен белгисиз жаран жардам сурап кайрылган. Ал белгисиз жаран ашканадагы кассадан акча уурдап кеткенин билдирген.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1988-жылы туулган К.Т. аттуу жаранды кармап, Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматына өткөрүшүп беришти.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 233