• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ашууда изделип жаткан белорусиялык жаран табылды

20 Аяк оона 2023 17:20 Бишкек Govori.TV

Нарындын Калмак-Ашуусунан изделип жаткан белоруссиялык Д.М. аттуу жаран куткаруучулар тарабынан аман эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 19-сентябрда Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Калмак-Ашуу ашуусу «МАН» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа ашуудан чыга албай, жолду тосуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ошол күнү саат 23:15те ыкчам түрдө жерине ӨКМден 3 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жерине жеткен учурда токтоп турган унаанын айдоочусу жок болуп чыккан. Унаанын ээсин издөө иши тынымсыз уланып, аны издөөдө аймакта пландын негизинде башка иш боюнча учуп жүргөн ӨКМдин тик учагы бийиктиктен издөөгө жардамга келген.

Ошентип, изделип жаткан айдоочу 20-сентябрда саат 11:00 чамысында Соң-Көл жайлоосунан табылган. Жарандын абалы канааттандырарлык. Учурда куткаруучулар ашууда калган жүк ташуучу унаанын бузулган тетигин оңдоого жардам берүүдө.

Количество просмотров: 1511