• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Асия Сасыкбаеванын кармалышы мыйзамдуу деп табылды

10 Жетинин айы 2022 10:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаардык сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган мурдагы депутат Асия Сасыкбаеванын кармалышынын мыйзамдуулугу каралып, райондук соттун чечими өзгөртүүсүз калтырылды.

Буга чейин Биринчи май райондук соту аны 20-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

23-октябрда Ички иштер министрлиги тарабынан 20 дан ашуун саясатчы жана жарандык активист кармалган. Мындан сырткары Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган болсо, жарандык активист Тилекмат Куреновго издөө жарыяланган.

Бүгүн ошондой эле шаардык сотто активисттер Рита Карасартова, Улугбек Маматаев, Эрлан Бекчоро уулу, саясатчы Равшан Жээнбеков, Канат Исаевдин баш коргоо чарасы каралат.

Количество просмотров: 230