• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Шаардык сот Сасыкбаевага карата райондук соттун чечимин күчүндө калтырды

10 Жалган куран 2023 10:39 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-мартта Бишкек шаардык сотунда мурдагы депутат Асия Сасыкбаеванын баш коргоо чарасы каралды.

Шаардык сот Сасыкбаеваны 20-апрелге чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту февраль айында башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Кемпир-Абад маселеси боюнча 20дан ашуун адам октябрдын аягында “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен кармалып, камакка алынган.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бир нечеси ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 294