• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапырт камоолор: Асия Сасыкбаева абактан чыкты

12 Чын куран 2023 14:19 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган саясатчы Асия Сасыкбаева үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди бүгүн, 12-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын баш коргоо чарасы каралып жатат. Соттун чечими менен Клара Сооронкулова жана Мамбетжунус Абылов үй камагына чыккан.

Өткөн жылдын октябрь айында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразычылыгын ачык билдирип жүргөн 20дан ашуун саясатчы, активист жана блогер камалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген шек менен кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого саясатчы, активисттердин 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Количество просмотров: 823