Аламүдүн районунда жардан аркан менен секиргенде каза болгон жарандын иши боюнча «Flyjump» спорт комплексинин ээси кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 6-июль күнү саат 13:30дар чамасында Аламүдүн районунун Татыр айылынын тушунда жайгашкан «Flyjump» спорт комплексинде аскадан секирип жатып, асма жол үзүлүп кетип, анын кесепетинен Б.А. аттуу 1985-жылы туулган жаран окуя болгон жерден каза болгон.
Бул факты Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки өндүрүш иштери башталган.
Топтолгон материалдардын жана жабырлануучунун жакындарынын арызынын негизинде бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин (Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралар менен бул кылмышка шектүү катары Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, 1996-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, керектүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.