• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Аскар Айтматов: Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүк жерде ыргытылып жатат (видео)

21 Теке 2021 13:51 Бишкек Govori.TV

Комплекстин жанына Кыргызстандын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнөн түндүк жерге ташталды. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова Аскар Айтматовго шилтеме берүү менен социалдык тармактарда билдирди.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун уулу мемориалдык комплексинин архитектуралык долбоорунун автору Улан Бейшеналиевдин айткандарына комментарий берди.

«Түндүктү жерде жаткандыктан өйдө көтөрүп берүү талабы менен көптөгөн кайрылуулар болду деп жатасыз. Комплекс ачылгандан бери өткөн сегиз жылдын ичинде мен мындай талаптарды уга элекмин. Тундук жерде жатпай, бийиктиги жарым метрден кем эмес мрамор постаментине орнотулган. Түндүктү ыргыткан жок, көрдөн алып, ротунда илип койду деп дагы айтып жатасыз. Сиз ачык эле калп айтып жатасыз. Мүрзөдөн чыккан түндүк комплекстин жанындагы жерге ыргытылган. Ал эми ротунда шыптын астында башка түндүк илинип турат», — деди Аскар Айтматов.

Буга чейин Айтматовдун көрүстөнүнүн түндүгү уурдалды деген маалыматтар тараган. Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бул маалыматты четке кагып, учурда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде пландык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

«Айрымдар такталбаган маалыматтарга таянуу менен коомчулукта “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги Чынгыз Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүк “белгисиз адамдар тарабынан алынган” деген пикир жаратуу аракетин көрүүдө. Мындай маалымат толугу менен чындыкка дал келбейт»,-деп айтылат Маданият министрлигинин маалыматында.

Эске салсак, буга чейин коомчулукта мемориалдык комплекстеги жерде жаткан түндүктөр боюнча кайчы пикирлер айтылып, жакшы эмес жышаан катары кабыл алгандар арбын болгон. Улуттун улуу символикасын бийик көтөрүү максатында, “Түндүгүң түшкүр” деген наалаттан алыс болуу ниетинде, учурда долбоордун автору У.Бейшенбаев менен биргеликте атайын топ бул маселе боюнча иш алып барып, жаңы көрүнүш берүү концепциясы талкууда.

Ал эми Айтматовдун көрүстөнүнүн таштары жаңыртылып, толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Министрлик мемориалдык комплекс 24 саат бою атайын күзөт тарабынан күчөтүлгөн режимде кайтарыларын эскертип, чагымчылдык аракеттен алыс болууга чакырат.

Количество просмотров: 235