• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Аскар Акаев Кыргызстанга келди. Серепчилер эмне дейт?

2 Баш оона 2021 18:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин иликтөө алкагында 2-августта Бишкекке жеткирилип, ишти тергеп жаткан мекеме аралык тергөө тобуна өткөрүлүп берилди. Акаевдин дээрлик 16 жылдан кийин өлкөгө кайтып келишинин себеби эмнеде? Депутаттар менен саясат талдоочулардын пикирин билүү үчүн собол салдык.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өлкөнүн биринчи президенти Аскар Акаевдин келиши боюнча төмөндөгүдөй оюн айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты дастан Бекешев

«16 жылдан бери мекенин көрбөгөн сезим башкача болсо керек. Бирок кандай жол менен келгени белгисиз. Кандай болсо дагы аны атайын келишим менен алып келди. Балким, акча төлөп кайра чыгат», — дейт Бекешев.

Ал эми саясат талдоочу Айданбек Акматов Аскар Акаев өлкөгө келгенден кийин «Кумтөр» боюнча 2003-жылдагы коррупциялык келишимдин кандай болгонун ачыктап бериши керек деген пикирде.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов

«Эгерде Акаев «Кумтөр» боюнча 2003-жылдагы коррупциялык келишимдин кандай болгонун ачыктап берип, ошонун негизинде Кыргызстан сотто жеңишке жетишсе, Акаевдин өлкөгө келишинде кандайдыр бир маани болот. Ал коррупциялык иштерди мойнуна алуу менен үй-бүлөсүнүн же башка адамдардын аралашканын ырастап, «Центерранын» бетин ачышы керек. Эгерде аталган иштер аткарылбаса жөн гана ички келишим болушу мүмкүн»,-деди Акматов.

Саясий серепчи Эмил Жураев ушундай эле логика менен өлкөгө мурунку президент Бакиев дагы келиши мүмкүн деген божомолун айтты.

Саясий серепчи Эмил Жураев

«Акаевдин Кыргызстанга келиши менен ар ким ар кандай божомолдорду айтып жатышат. Азыр бир нерсени так айтуу кыйын. Деген менен анын «Кумтөр» боюнча көрсөтмө берем деп келгени кабарланды. Ошондой эле логика менен Бакиев дагы келиши мүмкүн. Алсак, Курманбек Бакиевдин тушунда дагы «Кумтөр» алтын кенине байланыштуу маанилүү чеимдер кабыл алынган. Убагында Кыргызстанды башкарып, качып кеткен президенттер эбак эле келип, жооп бериши керек болчу. Калың элге маалым болгон кылмыш жана кемчиликтери үчүн элден бир ооз кечирим сурашы керек эле. Бакиев менен Акаев жоопкерчиликти мойнуна албаганы өкүндүрөт. Акаев кандайдыр жүйө менен үй камагына чыгарылышы мүмкүн. Бүгүнкү бийлик менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болгон. Ансыз көз жумуп эле келишине ишенбейм»,-деди Жураев.

Мурдагы депутат Исхак Масалиев билдиргендей, Акаевдин Кыргызстанга келип кетишине тыюу салынган эмес.

Мурдагы депутат Исхак Масалиев

«2006-2007- жылдары Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болгом. Ошол учурда Аскар Акаевичтин жактоочусу кайрылган болчу. Мен Башкы прокуратурага кат жазып, расмий жооп келген. Анда Акаевге карата козголгон кылмыш иши жок болгондуктан өлкөгө келип кетишине тыюу салынбаганы айтылган. Эми 80ге чамалап калган аксакалды камаган эрдик эмес. Бул жерде башка нерсе бар. Мисалы, мыйзамдын убакыт боюнча күчү сыяктуу»,-деди Масалиев.

Быйыл 9-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Кумтөр» долбоору боюнча мурунку президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана жогорку кызматтагы адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылганын кабарлаган.

Кошумчалай кетсек, Акаев Кыргызстанды 15 жыл башкарган. 2005-жылкы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен, ошондон бери мекенине келе элек болчу.

Количество просмотров: 378