Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев экс-президент статусу боюнча кайрылуусун «өмүр аяктап баратканда жаманатты болбой өзүмүн мурдагы атымды кайтарсамбы дейм» деп түшүндүрдү. Бул тууралуу Акаев ютуб каналдагы «Накта» подкастына берген маегинде айткан.
Акаев маек учурунда макамды кайтаруу тууралуу азыр кайрылып жатканынын себебин айтып, Бакиев, Отунбаева жана Атамбаев башкарып келген учурда кайрылса, маселе терс чечилмектигин билдирди.
«Мени мыйзамдын негизинде экс-президенттик статустан эч ким ажыраткан эмес. 2005-жылы мен бийликтен кеткенде президент Бакиев комиссия түзүп мага коюлган күнөөнүн баарын ошол комиссия карап чыккан. Эч бир негиз, далил тапкан эмес. Ошондуктан 2008-жылы Бакиев парламентке «Акаевди экс-президент макамынын ажыратыш керек» деп сунуш киргизген. Бийлик парламентке басым кылганына карабастан депутаттар «Үсөнов, Бекназаровдун комиссиясынын натыйжасын көрүп, негиз тапкан жокпуз. Ашык байлыгы жок экен. Чет өлкөлүк банктарда бир дагы центи жок экен» дешкен. Анан 2010-жылда Убактылуу өкмөт келет, ошондо анын мүчөлөрү Отунбаева менен Бекназаров кайрадан бул суроону көтөргөн. Бирок алар мыйзамсыз декреттин негизинде Акаевди макамынан ажыратабыз деп чечим чыгарышат. Күнөөлөгөнү баягы эле мыйзамсыз баюу, Аксы окуялары, чек ара маселелери. Ушу үч күнөө менен мени экс-президенттик макамдан декрет менен ажыратышкан.
Жашым да 80ге келди, дагы канча жашайм, бир кудай билет. Ошондуктан ушул маселени учурдагы адилеттүү бийлик карап чыгабы дедим. Эч кандай материалдык кызыкчылыгым жок, артыкчылыктардын кереги жок. Мен өмүр аяктап баратканда жаманатты болбой, өзүмүн мурдагы таза атымды кайтарсамбы дегем», — деди Акаев.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайтаруудан баш тарткан. Кыргызстандын тун президенти аны макамынан эч ким мыйзамдуу ажыратпаганын белгилеп, эл арасында жаралган ойду жок кылууга аракет кылганын билдирди.