Мурдагы президент Аскар Акаев бүгүн, 15-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде сурак берип жатат. Бул тууралуу Govori.TVга өздүк булактар билдирди.
Маалым болгондой, ал учурда суракта. УКМК бул боюнча комментарий берген жок.
Кошумчалай кетсек, Аскар Акаев Кыргызстанга 14-декабрда келгени маалым болгон. Ал «Кумтөр» иши боюнча козголгон кылмыш ишинде тергөөгө көрсөтмө берери айтылган.