Бишкек. 22.08.2019 Govori.TV
КРдин биринчи президенти Аскар Акаевдин күйө баласы Адил Тойгонбаев казакстандык holanews.kz агенттигине маек берип бир катар суроолорго жооп берди.
Ал журналисттин суроолоруна жооп берип жатып коомчулукта айтылып жүргөн ар кыл кептерди төгүндөдү. Анын айтымында Бермет Акаева менен ажырашышкан эмес, азыркы мезгилде алар жөн гана бөлөк өлкөлөрдө жашашат. Ал Казакстанда, ал эми жубайы Женевада.
Маектин жүрүшүндө жубайлардын ортосунда уулу бар экенин айтып, ал азыр Швейцарияда окуп жатканын билдирди.
Мындан тышкары, Тойгонбаев Бермет Акаева менен кандай таанышканын эстеп, президенттин күйө баласы болгондогу окуялар менен бөлүштү.
Эске салсак, Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев кызы Бермет Акаева 19-августта Кыргызстанга келген. Бул маалымат коомчулукта талкууга алынган.