• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Аскар Акаевдин КМТУдагы лекциясы: Окуу жайдын комментарийи

22 Бугу 2023 11:14 Бишкек Govori.TV

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети өлкөнүн мурдагы президенти Аскар Акаевдин лекциясы тууралуу жарыялаган эмес. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы маалымат таратты.

«Профессор Акаевдин лекциясына байланыштуу КМТУнун жетекчилиги студенттер үчүн лекция уюштурулганын жарыялабаганын расмий билдирет», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай эле студенттердин окуу жайдын жетекчилигине лекцияларды жокко чыгаруу боюнча жазуу түрүндөгү кайрылуусу түшкөн эмес.

Эске салсак, 2005-жылдагы «Жоогазын революциясынан» кийин Орусияда башкалкалап жүргөн мурдагы президент Аскар Акаев жана анын жубайы Майрам Акаеванын Бишкекке келген. Мурдагы президент жогорку окуу жайларда лекция окуй турганы белгилүү болгон.

Мындан соң Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин айрым студенттери мурдагы президент Аскар Акаевдин лекция окушуна каршы болуп, алар аталган окуу жайдын ректору Мирлан Чыныбаевге кайрылуу жолдошкон.

Количество просмотров: 299