• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Аскар Салымбеков: Раиса Атамбаевага 3,5 миллион долларга вилла сатып берген эмесмин

23 Баш оона 2019 18:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.23.08.2019.Govori.TV.

Кыргызстандагы бай адамдардын катарына ктрген Аскар Салымбеков мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын туулган күнүнө белек катары 3,5млн. доллар турган вилла тартуулаганы тууралуу маалымат тараган эле.

Мындай кептерге өзү Аскар Салымбеков жооп берип, өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып, коомчулукта айтылган кептер чындыкка дал келбейт жана » Ушак-фейктин да чеги болот!»,-деген билдирүү жазган.

«Урматтуу достор! Акыркы учурларда социалдык тармактарда, айрым сайттар мен тууралуу чындыктын үлүшү жок, ойдон чыгарылган маалыматтарды удургутуп жатканын окуп калдым.

Биринчиси, менин Солтон-Сарыдагы кытай компаниясы казып жаткан алтын кенинде үлүшүм бар имиш.

Экинчиси, мен мурдагы президенттин аялы Раиса Атамбаевага 3,5 млн. долларга вилла сатып берген имишмин.

Булардын баары карандай калп. 
Андыктан, фейк-ушактын да чеги болот. Эгер, ушул эки факты боюнча иликтеп, таап чыгышса-ошол акциялар менен вилланы тапкандарга энчилеп берейин»,-деп жазылат Салымбековдун билдирүүсүндө.

https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=2442603432730856&id=100009436705783

Количество просмотров: 15