• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аскар Шадиев вице-премьерлик кызматынан кетип жатат

6 Чын куран 2018 20:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.04.2018.Govori.TV.

Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул маалыматты өкмөттүн аппаратынан Govori.TV агенттигине тастыктады.
Маалыматка ылайык, Шадиев,парламенттеги Чыңгыз Айтматов сыйлыгына деп бөлүнгөн 30 миң доллардын жоголгону боюнча иликтөө акыйкат жана бейтарап жүрүшү үчүн кызматынан кетүүнү туура көргөнүн билдирген.
Азыркы мыйзам боюнча Аскар Шадиев өмөттөн кеткени менен Жогорку Кеңеште депутаттыгын уланта берет.
Айта кетсек, жакында эле, Жогорку Кеңешттин кызматкери  акча каражатын өзүнө ыйгарып алуу фактысы боюнча биринчи вице-премьер-министрдин сурак бергенин УКМКнын басма-сөз кызматы тастыктаган эле.
Эске сала кетсек, УКМК тарабынан 9-февралда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров кармалган. Ага тергөө органы “документтерди жасалмалоо” жана “мамлекеттин каражатын ээлеп алуу” беренелери менен кылмыш иши ачылган.
“Парламенттеги Чыңгыз Айтматов сыйлыгына деп бөлүнгөн 30 миң доллардын жоголгонунан абдан өкүнөм. Мында комитет башчысы катары менин да күнөөм бар, тергөөгө жардам берип, иштин аягына чыгышына кызыкдармын”,-деген ал бир ай мурун Govori.TVга маек берип жатып…

 

 

 

Количество просмотров: 42