• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Аскар Шадиевдин кызы ТИМде ээлеген кызматынан кетти

10 Чын куран 2018 11:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 10.04.2018. Govori.TV.
Тышкы иштер министрлигинин экинчи саясий департаментинде атташе кызматында иштеп келген Саадат Шадиева 2018-жылдын 13-мартында өз каалоосуу менен жумуштан кетүүгө арыз жазган. Бул маалыматты Govori.TV агенттигине ТИМдин пресс-катчылыгы тастыктады.
Арызында, 30-марттан тартып жумуштан бошотууну өзү суранган. Берилген арызга ылайык, ал кызматтан бошоду.
Белгилей кетсек, биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев кызматынан кетүү тууралуу арыз жазып, кеткен.
Маалыматка ылайык, Шадиев,парламенттеги Чыңгыз Айтматов сыйлыгына деп бөлүнгөн 30 миң доллардын жоголгону боюнча иликтөө акыйкат жана бейтарап жүрүшү үчүн кызматынан кетүүнү туура көргөнүн билдирген.
Азыркы мыйзам боюнча Аскар Шадиев өмөттөн кеткени менен Жогорку Кеңеште депутаттыгын уланта берет.

 

 

Количество просмотров: 35