• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Аскарбек Шадиев: “Парламенттеги жоголгон 30 миң доллар үчүн өкүнөм” (видео)

16 Бирдин айы 2018 13:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 16. 02. 2018. Govori.TV

“Парламенттеги Чыңгыз Айтматов сыйлыгына деп бөлүнгөн 30 миң доллардын жоголгонунан абдан өкүнөм. Мында комитет башчысы катары менин да күнөөм бар, тергөөгө жардам берип, иштин аягына чыгышына кызыкдармын”. Бул сөздү Govori.TVга маек берип жатып КРнын биринчи вице-премьер министри Аскарбек Шадиев айтты.
Анын айтымына караганда, парламенттеги эл аралык иштер жана коргонуу, коопсуздук боюнча комитетти жетектеп турганда комитеттин бөлүм башчысы ага кирип, КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясы тарабынан уюштурулган абройлуу сыйлыкка акча бөлүү боюнча төрагага кайрылуу катына кол коюуну суранган.
“Баарынан дагы Чыңгыз Төрөкуловичтин атына ыйгарылган сыйлык тууралуу кеп болуп жатса, парламенттер аралык сыйлыкты алдын-ала бюджеттен бөлүп жөнөтүү керектигин түшүндүрүп жатса, мен Арсен Закировго ишендим да. Көптөн бери көрүп жүргөм, аны мындайга барат деп ойлогон эмесмин, көп кагаздарга кол коем, комитеттин бөлүм башчысына ишенгемин”,-дейт ал.

Эске сала кетсек, УКМК тарабынан 9-февралда Жогорку Кеңештин эларалык иштер боюнча, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров кармалган. Ага тергөө органы “документтерди жасалмалоо” жана “мамлекеттин каражатын ээлеп алуу” беренелери менен кылмыш иши ачылган.

 

Количество просмотров: 11