Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын өлкөдөн качып кеткен депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин ишин кароо 5-ноябрга белгиленди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз катчысы Сюита Соурбаева билдирди. Анын айтымында, отурум Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп, саат 9:30да башталат.
Шадиевге Башкы прокуратура алгач «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан соң Шадиев качып кеткени, АКШда экени кабарланып, Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча иш козгогон. Андан соң «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып тагылган. Шадиевге издөө жарыяланган.