Бишкек. 22.07.2019.Govori.TV
25 адамдан турган Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн командасы 5-12-августта инженердик бөлүктөрдүн эл аралык сынагына катышат.
Коопсуз маршрут алган сынака күчөтүлгөн даярдык бүгүнкү күндө РФнын «Андреевское» полигондунда жүрүүдө. Бул тууралуу КРнын куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынан билдиришти. Өз кезегинде Кыргызстандын командасынын башкы машыктыруучу, полковник И. Кошкеев жетекчилиги алдында «Эдельвейс» окутуу борборунда атайы аянттар жасалып, түрдүү тосколодукар орнотулуп, катышуучулар даярдыктан өтүшкөн.
Сынакта суудан өтүү, пехотага каршы коюлган миналарды табуу, танкаларга каршы аңдардан өтүү сынактын шарты болуп салалат. Бул конкурс «Эл аралык аскер оюндары 2019» сынагынын алкагында Тюмень жогорку аскердик инжиердик командалык окуу жайынын базасында жыл сайын өткөрүлөт. Ага 2015-жылдан бери Беларусия, Озбекистан, Кыргызстан жана Россянын өкүлдөрү катышышат.